www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында борбор шаарыбызда маршруттук таксилер болбойт, анын ордуна ыңгайлуу автобустар линияга чыгат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкулов билдирди.
Анын айтымында, 1300 автобустун баары Бишкекке алынып келинээри менен (2024-жылдын экинчи же үчүнчү кварталы)маршруттук таксилер шаардын борбордук бөлүгүнөн чыгат. Сөз Курманжан Датка – Түштүк магистраль – Садырбаева – Жибек Жолу аянты тууралуу болуп жатат.
"1300 автобус шаардын муктаждыгы. Мындай учурда маршруттук таксилер ашыкча болуп, борбор калаанын четинде жүрө баштайт", - деп түшүндүрдү вице-мэр.
Булак: NazarNews.kg