www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбек компаниясы биргелешип көмүр казуу максатында Кыргызстандын кендерине инвестиция салууну пландоодо. Бул тууралуу журналисттерге “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Надыр Бекжанов билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргызстандагы эки-үч кен боюнча Өзбекстандын компаниясы менен “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы биргелешип катуу отун өндүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
"Меморандумга буга чейин кол коюлган, ниет да бар. Алар 10 миллион долларга жакын инвестиция салууга даяр. Азыр уруксат алуу иштери жүрүп жатат. Эмки жылы да көмүр өндүрөт деп ишенем", - деди Бекжанов.
“Кыргызкөмүр” ишканасынын директорунун орун басарынын айтымында, кеп “Агропромстрой” ишканасы жөнүндө болуп жатат.
"Бул компаниялардын тобу, чоң концерн. Алардын ар кандай багыттары бар, алардын бири тоо-кен казып алуу", - деди ал.
Бекжанов белгилегендей, алар өзбек өнөктөштөрүнө бир нече кендерди сунушташкан, бирок алар азырынча Баткен районундагы Урмизан кенине токтошкон.
"Азырынча ушуну тандап алышты. Башка сунуштарыбызды карап жатышат. Бизде Таш-Көмүрдөгү “Тегене” участкасы (көмүр кени) бар, биз аларды сунуштаганбыз, Сүлүктүдөгү 11 участок. Бирок алар атайын Буга чейин бир бөлүм боюнча макулдашылган”, - деди ал.
Бекжановдун айтымында, акцияларды бөлүштүрүү боюнча буга чейин келишим түзүлгөн.
"Биз буга чейин эле жарыялаганбыз, Кыргызстан 40%, Өзбекстанда 60% болот деген позицияда турабыз. Ошол эле учурда бардык каржылык чыгымдар толугу менен өзбек тарапка - нөлдөн баштап акыркы продукцияны алганга чейин төлөнөт. Инвестор бүтүндөй каржы бөлүгүн өзүнө алат», - деп жыйынтыктады ал.
Ачык булактарда “Агропромстрой” концерни тууралуу эч кандай маалымат жок. Өзбекстандын контрагенттеринин маалымат базасында ишинин түрү башка категорияларга кирген, адистештирилген курулуш иштери көрсөтүлгөн “Агропромстрой” курулуш компаниясы гана көрсөтүлгөн. Жетекчиси Тошмат Эшматов.
Булак: NazarNews.kg