www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында 54 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын 1969-жылы туулган К.Ж. аттуу тургуну үстүбүздөгү жылдын 25-август күнү саат 07:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Буга чейин аталган жаранды Таш-Көмүр шаардык Ички иштер министрилигинин кызматкерлери тарабынан издөө ишин жүргүзүлүп, бирок анын жыйынтыгы болгон эмес.

4-сентябрда дайыны чыкпай жаткан 54 жаштагы жаранды издөө боюнча кайрылуу ӨКМдин 112 кызматына түшүп, бүгүн аны издөөгө Таш-Көмүр шаардык №57 ӨКБдан 8 куткаруучу тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости