www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2024-жылы Россияга иштөө максатында барган чет элдик жарандардын ичинен өзбекстандыктар эң көп санды түздү — алардын үлүшү 23,3 пайыз болуп, бул көрсөткүч дээрлик 1,5 млн адамга жетти. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Валентина Казакова Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунда билдирди.
Анын айтымында, учурда Россияга жыл сайын болжол менен 6,3 миллион чет элдик жаран кирип келет. «Биз пандемияга чейинки деңгээлге кайтып келдик. Келгендердин болжол менен 50 пайызы эмгек максатында келишүүдө», — деди Казакова.
Мигранттардын арасында тажикстандыктардын үлүшү 16,7 пайызды, кыргызстандыктардыкы — 10,4 пайызды, ал эми беларус жарандарынкы — 9,5 пайызды түзгөн.