www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Достук» өткөрмө пунктунда 1 миллион 300 миң сомдон ашык акчаны мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

«Оперативдүү» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери УКМКнын ЧАК кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБ жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуунун алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, «Достук» алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу жайында Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз акча каражаттарын өткөрүүгө аракет кылган учурда Өзбекстандын жараны «П.Х.М.» токтотулган.

Кармалган товардын жалпы суммасы 1 330 000 сомду түзгөн. Факты КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн КР транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости