www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зеленский Байденден кандай жардам сурады?

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын лидери Джо Байден менен 1-сентябрда Вашингтондо жолугушту. Бул Зеленскийдин мамлекет башчы катары Америкага биринчи жолу барышы.

Зеленский АКШга Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, коопсуздук жаатында алаканы бекемдөөгө ниеттенерин айтты. Ал ошондой эле Орусияда жана аннексияланган Крым аралында кармалган, соттолгон адамдарды бошотууга жардам берүүнү өтүндү. Маалымат каражаттары жазгандай, Киев Вашингтонго берген тизмеде 450 адамдын ысымы бар.

Джо Байден АКШ Киевге «орусиялык агрессияга» каршы турууга колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Жолугушуу алдында Зеленский Байден менен Украинанын НАТОго киришин талкуулай турганын айткан. Байден Киевдин аскердик альянска кошулушуна эрте экенин ишарат кылып, мамлекет дагы дале кеңири реформаларга муктаж экенин белгиледи.

Эске салсак, буга чейин АКШ администрациясы Киевге 60 миллион долларлык кезектеги аскердик жардамын көрсөткөнү белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости