www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский өткөн аптада кеминде үч жолу кол салуу аракетинен аман калган. Бул тууралуу Британиялык The Times гезити жазып чыкты.

Журналисттердин маалыматында, Орусиянын Украинага баштаган согушунун биринчи күнүнөн тартып тымызын топтор Зеленскийди үч жолу өлтүрүүгө аракет кылган. Эки кол салуу аракетин жалданма аскерлерден турган Вагнер тобу уюштурганы айтылды.

"Орусиядагы чалгындоо кызматкерлери тарабынан берилген маалыматтын негизинде адам өлтүрүү аракетинин алды алынды" - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Украина-Орусия согушу башталганына 9 күн болуп, кырдаал күндөн-күнгө күч алууда. Эки тараптуу сүйлөөшүү жакшы жыйынтык бербегенинен, эки өлкөнүн үчүнчү жолку сүйлөшүүсү да жакында белгиленээри маалым.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости