www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын бийлиги Сауд Арабияда пландалып жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу эч нерсе билбейт, ошондой эле Украина сүйлөшүүгө катышпайт жана аны тааныбайт. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Бириккен Араб Эмираттарында билдирди.
Ал Россия менен АКШнын өкүлдөрүнүн Эр-Рияддагы жолугушуусу тууралуу комментарий берди.
«Украинасыз өткөн сүйлөшүүлөрдү натыйжасыз деп эсептейбиз жана биз жөнүндөгү кандайдыр бир макулдашууларды бизсиз тааный албайбыз. Биз жок жетишилген макулдашууларды тааныбайбыз», - деди Зеленский («Интерфакс-Украина») келтирет.
Учурда Зеленский Бириккен Араб Эмираттарында расмий сапар менен жүрөт. Андан кийин Сауд Арабияга барат.
Зеленскийдин айтымында, анын Эр-Рияддагы сапары Америка Кошмо Штаттары менен Россиянын өкүлдөрүнүн жолугушуусуна тиешеси жок.
18-февралда Эр-Риядда АКШ менен Россиянын өкүлдөрү жолугары пландалган. Ага АКШ тараптан мамлекеттик катчы Марко Рубио, Апрезиденттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц жана президенттин Жакынкы Чыгыштагы атайын өкүлү Стив Уиткофф катышат. Москванын атынан тышкы иштер министри Сергей Лавров жана президенттин жардамчысы Юрий Ушаков катышат.
Буга чейин Дональд Трамп Сауд Арабиядагы сүйлөшүүгө Украинанын өкүлдөрү да катышарын билдирген.