www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Зеленскийдин швейцариялык банктагы эсебинде 342 631 евросу, 595 000 доллары бар экени айтылды. Мындан сырткары да бир топ каражаттары бар экени жарыяланган.

Владимир Зеленскийдин айлыгы 28 миң гривендин (болжол менен 52 миң рубль) тегерегинде. Бул тууралуу РИА Новости анын расмий сайтында жарыяланган декларациянын маалыматтарында көрсөтүлгөнүн жазды.

Документке ылайык, Зеленский былтыркы негизги кирешесин президенттик айлыктан, банктык аманаттардан түшкөн пайыздардан, кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн тапкан. Ал эми жалпы кирешеси болжол менен жети миллион гривенди (болжол менен 13 миллион рубль) түзгөн.

Ошол эле учурда Зеленскийдин акчалай активдери дээрлик өзгөргөн эмес. Декларацияда Швейцариянын банкында жайгаштырылган 342 631 евросу, 595 000 доллары, ошондой эле башка банктык эсептердеги гривен, доллар жана евро түрүндөгү акчалар көрсөтүлгөн.

Последние новости