www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күч түзүмдөрүнүн тың чыкмалары да бир кылмыш ишти үч вариант менен кароону алда качан өздөштүрүп алышканы белгилүү.
Анткени ошол “көмүскө” ыкмалары аркылуу бирөөлөргө кызмат кылууну, же болбосо окуяны башка өңүткө келтирүүнү алдын ала пландаштырып туруп анан ишке өтүшөт. Антпесе курсактары курулдап, көөнү ачылбай, кызматтан жогорулабай санаага батышат.
Ошондуктан прокуратура, сот, милиция тармактарындагыларга нааразычылык күчөп жатпайбы?
Айрыкча саясат жыттанган иштерге башкача басым жасоо оркойуп көрүнсө да күч түзүмдөрүнүн билермандарына шоона эшпей калды. Эмне үчүн Шамил Атаханов, Манас Арабаев, Усманова сыяктуулар керектүү көргөзмө берген соң үй камагына чыгарылды.
Эмнеге Канат Исаев каалаган жагына учуп, саякаттап жүрөт?
Кандайча Эдил Байсалов Улуу Британияга элчи болуп калды?
Баса, Конгантиевди неге сот актап койду?
Олигархтардыкындай байлыгы жок жан сакчы Дамир Мусакеевди неликтен беш жылга чукул арада кесип жиберишти?
Атамбаевди сатпаганы үчүн элеби?
Ушул багыттагы кыймылдарды аткарууга ашыккан тергөөчүлөрдү, сотторду эртең кандай тагдыр күтүп жатат?
Анткени келме кезек деген бар эмеспи. Ушундан улам суроо жаралат, балким жагынууга жасалган кадамдыр?
Митаамдык менен түз кете турган кылмышты ийри жолго салгандардын максаты эмнеде?
Кырдаалдан пайдаланып реванш алууга жанталбас кылгандар “аткаруучулардын” кулкунун майлап жибербейт деп ким кепилдик бере алат? Эч ким. Мүмкүн президент Сооронбай Жээнбековду элге жек көрсөтүүнүн айла-амалдары чыгар деп жыйынтык чыгарууга да жол ачылды.
Айтор, бир жактуу соктурмайлардан учурдагы бийлик утушка ээ болбойт. Укук талаасында ойногонду билип туруп, атайлап терс тарапка ишти оодарган шылуундардын азабынан улуу журттун биримдигине доо кетип жатканын айтып коюу биздин парзыбыз.
Ал эми жагалданмайды гана колдонгондор өлкө башчыларына пайдасы эмес, кесепети тиерин деле айта кетпесек болбостур?, дейт "Ачык сөз" гезити.
Булак: NazarNews.kg