www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батукаевдин иши боюнча чакырылган Атамбаев тергөөгө келген жок. 27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик макамынан ажыраткан. Экс-президент Алмазбек Атамбаев экинчи жолу Тергөө кызматына суракка барган жок. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев билдирди: “Мен азыр ИИМге кайрадан кат даярдап жатам. Алар кол тийбестиги бар кишини суракка чакыруу менен алар кайрадан мыйзамды бузуп жатышат. Дагы бир жолу кошумча нормативдик актылар аркылуу биздики туура экенин түшүндүрүп кат жөнөтөм”.
Атамбаев менен Слесаревдин пикири боюнча экс-президент деген макамдан ажыратуу боюнча парламенттин чечими мыйзамсыз. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге экинчи чакырууну 10-июлда жиберген. Анда Атамбаев күбө катары 11-июлда эртең менен саат 10:00гө Тергөө кызматына барышы керек экендиги жазылган. Мыйзамды ошол мыйзамды түшүнгөн экс президент бузуп жаткан жокпу?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»