www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу державалардын алдыңкы сабында кытай өлкөсү турганы эмнеге байланыштуу?
Элинин эмгекчилдигиненби, тартиптин катуулугунанбы, коррупцияга карата күрөштүн бекемдигиненби? Айткандарыбыздын баарынын жөнү бар. Башкы карманган багыттарында мандем жок. Дагы бир факторду байкоого болот. Ал кандай фактор экенине анда эмесе токтолуп кетели?
Кичинекей Кыргызстанда учурда 200дөн ашуун атына заты төп келбеген партиялар бар экенин адилеттик министрлигиндеги маалыматтар тастыктап турат. Буйруса дагы жаңы “сары ооз” балапан партиялар пайда болору калетсиз. Анткени билермандардын каалоосу жаралса партияны ийкемдүү министрлик көз ачып, жумгуча каттап алаканына салып берет. Ашка жүк, башка жүк партиялардын элге тийгизген пайдасы деле болбоду. Ага карабастан шылуун лидерлер капчыгын толтуруш максатында партияларды жандандырды. Жогорто биз сөз кылган миллиард калкы бар Кытайда болсо бир гана коммунисттик партия бар. Ошол партияга таазим кылып, баш ийип, чийинден чыкпай келатканы үчүн бул мамлекет өнүгүп, өсүп дүйнөдө күчтүү державага айланды. Миллиондогон акчалар биздегидей болуп шамалга чачылбайт. Биздегидей лента кесүүлөргө, той-топурларга каражат коротулбайт. Тууганчылдык, бажалык, өкүл аталык, кудалык байланыштарды улуу журт деп таанылгандар саясатка киргизүүнү түк колдобойт.
Ошондуктан кландык, үй-бүлөөлүк башкаруу дегенди алар мүлдө билишпейт. Кытайлар мага берчини эмес, мамлекетке пайда келтирүүнү ниет кылат. Демек, биз алардан канча жыл артта калганыбызды санай албайбыз, туурабы? Бул тууралуу маалыматты "Ачык сөз" гезити жазды.
Булак:NazarNews.kg