www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Швейцариянын айыл чарба өндүрүүчүлөрү менен кайра иштетүүчү ишканаларынын ортосунда түз байланыш түзүү маанилүү. Бир гана тоскоолдук  кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу. Ошондуктан Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды, логистикалык борборлорду жана сапаттуу лабораторияларды түзүүнү президент сунуш кылды.

Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын Берн шаарында «Herculis Partners», «ABB Schweiz», «Tatneft Europe», «OBVIAM Investing for Impact», «Blue Orchard Finance», «Integral Petroleum», «SICPA», «Switzerland Tourism» сыяктуу ири компаниялардын жетекчилери менен жолугушуп, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, өндүрүм экспорттоону кеңейтүүнүн зарылдыгын белгиледи. Мамлекет башчы өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштар колдо бар мүмкүнчүлүктөргө шайкеш келбегенин жана Кыргызстан «ВСП+» макамынын базасында Швейцария менен кызматташууга кызыгаарын айтты. Ал Кыргызстан Швейцариянын рыногуна экологиялык таза жана сапаттуу айыл чарба өндүрүмүн, кийим-кече жана бут кийим, ошондой эле азем буюмдарды чыгарууга даяр экенин кошумчалады.

Мындан сырткары ал ири жана чакан ГЭСтерди куруу аракеттерин бириктирүүнү сунуш кылды.Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча инвестиция тартуу, туризм, саламаттык сактоо тармагы боюнча документтерге кол коюлду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости