www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы күнү премьер-министр Абылгазиевдин башын катырган олуттуу маселе - бул баардык тендерлерди көзөмөлдөөчү даттануулар боюнча комиссияга бир дагы активист же коомдук ишмер катышкысы келбей, минфин онунчу жолу конкурс жарыялап атканы.

Мурунку УКМК жетекчилиги жөн жерден паспорт тендери боюнча кылмыш ишин козгоп, «артык кылам» деп атып, мамлекетке эбегейсиз чоң зыян алып келгенин билебиз. Литвалык «Гарсу Пасаулис» фирмасы тендерден утуп чыкса дагы, элүүгө жакын жарандардын үйүн тинтүүгө алып, журналист кыздарды да суткалап суракка алышкан.

Мурунку ГРС жетекчилерин камашса дагы, бир дагы факты таба алышлай, аягы Идрис Кадыркулов өзү уятынан отставкага кетүүгө аргасыз болгону чын. Бирок, кылмыш иши негизи жок жабыла турган болсо да, паспортторду даярдачу фирманы тандоо боюнча саясый эрк көрсөтө алышпай турганы кызык болуп турат. Ушул айдын аягы менен бир чечим кабыл алынбаса, кышында саясый кесепети көп паспорт кризиси жаралары турган иш. Бул маалымат тууралуу "АЗИЯnews" гезити жазды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости