www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаза аткаруу кызматы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Москвага дарылануу үчүн баруусунан баш тартты. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, ЖАК Алмазбек Атамбаев азыр колонияда дарыланып жатканына байланыштуу уруксат берген жок. Адвокаттын айтымында, Атамбаеве бекемдөөчү тамчылатмаларды тамызышууда.

«Бул дары-дармектер Алмазбек Атамбаевди айыктыра албайт, алар анын абалы ого бетер оорлошуп кетпеши үчүн гана колдонулат. Бирок буга да эч ким кепилдик бербейт. ЖАК Атамбаевдин өзү Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарылануудан баш тартканын айтытууда. Алмазбек Атамбаев ал жерде жакында эле дарыланган, бирок объективдүү себептерден улам бул медициналык мекеме белдин жана кызыл өңгөчтүн оорушунун себебин жок кыла албайт», — деп түшүндүрдү Замир Жоошев.

Алмазбек Атамбаев №27 түзөтүү колониясында криминалдык авторитет Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткон иши боюнча жазасын өтөп жатат. 2020-жылдын июнь айында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Атамбаевди үй-мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан.

Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган. Жогорку сот мурунку инстанциялардын өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти жаңы кароого жөнөткөн.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости