www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 21-июнда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл районундагы жана Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу жайлардын тегерек-четин көрктөндүрүү боюнча жыйын өткөрдү.
Аталган иш-чарага Ысык-Көл районундагы жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары, Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу жайлардын (пансионаттардын) жетекчилери, коопсуздук органдарынын ж.б тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө К.Ташиев Ысык-Көл районундагы эс алуучу жайлардын тегерек четиндеги жолдордун начардыгын, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдун (тротуарлардын) жоктугун, жашылдандыруу иштери жана инфратүзүмдүн төмөндүгүн белгиледи.
«Чолпон-Ата шаарында эң жогорку кызмат көрсөтүүчү алдыңкы эс алуучу жайлар жайгашкан. Алардын короосунун ичине кирсең жаркырап турат, бирок сырткы жагында жолдор талкаланган, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдор жок, жашылдандыруу иштери өтө начар, каралбай калган. Жылына он миңдеген адам келип эс алат. Канчалаган акча иштеп жатасыңар, ошонун аз эле бөлүгүн эс алуучу жайга алып баруучу жолдорду оңдоого, көчөлөрдү жарыктандырууга, көрктөндүрүү иштерине жумшап коюуга жараган жоксуңар!», - деген ал.
Аны менен катар К.Ташиев Ысык-Көл районундагы айыл өкмөт башчыларына кайрылып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен инфратүзүмдүк долбоорлорду уюштурбагандыгын сынга алды. Ошондой эле, жетекчилер тарабынан өкмөттүн казынасына кол салуулар болбоосу керектигин, эгерде коррупциялык элементтер аныкталса, алар мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти.
Президент Садыр Жапаровдун түзмө-түз тапшырмасынын негизинде Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларына жана эс алуучу жайлардын жетекчилерине 2025-жылдын сентябрь айынын аягына чейин Ысык-Көл районундагы эс алуучу жайларга баруучу жолдордун баарын оңдоп-түзөөнү, жарыктандыруу жана жашылдандыруу иштерин толук бүткөрүүнү тапшырды. Кимде-ким тапшырманы аткарбай, шалаакылык кылса, тийиштүү жоопкерчилик каралаары эскертилди.