www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул күндөр аралыгында Кытай Эл Республикасынын Пекин жана Шинжаң шаарларында «China Closer» медиа-туру өтүп жатат.
Бул жолу Синьцзяндагы Хами шаарына караштуу Иу уездиндеги Цяньшань кыштагында жайгашкан «Төрт мезгилдеги чабандын ырлары» аттуу фольклордук парк улуттук салттарды жана талаа-степ туризмин айкалыштырган эс алуу жайы менен, жана ошондой эле жергиликтүү казак боордоштор менен таанышып кайттык.
Алсак, Цяньшань кыштагы кар баскан чокулары, токойлору жана кең талаалары менен кооз тоолуу жаратылышка ээ. Ал эми Бээжин–Үрүмчү автомагистралы аркылуу жетүү оңой болгондуктан, бул аймак айылдык туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу.
Бул өз кезегинде айыл жерлерин жандандырууга өбөлгө түзүүдө.
—- Фольклордук парк казак элинин улуттук маданиятын камтыган көңүл ачууларды — улуттук бийлер жана ырлар, көмөчкө бышырылган куурулган эт (шашлык), ат чабыштар, "курес" күрөшү, "көкпар" (эчкинин терисине тартыш) жана "кыз куумай" оюндарын жаратылыштын кооздугу жана жергиликтүү казак маданияты, айыл чарба продукциясы менен айкалыштырат.
Бул туристтерге өзгөчө жана ар түрдүү эс алуу тажрыйбасын тартуулап гана тим болбостон, жергиликтүү малчылардын кирешесин көбөйтүп, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө да өбөлгө болууда. Натыйжада бул парк айыл чарба аймактарынын өнүгүшүндө маанилүү роль ойнойт, - дейт Инь Гуйлун.
Эске сала кетсек, Цяньшань жайлоосу - “Төрт мезгилдин ырчы чабандары” фольклордук паркы, жайлоолуу кооз аймак Синьцзяндагы Иву уездинин курамындагы Казак автономиялуу Цяньшань волостунда жайгашкан.
Орточо жылдык температурасы -2°C болсо, үшүк болбогон мезгили болгону 60 күнгө гана созулат. Деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте жайгашкан бул жайлоодо күн менен түндүн температурасы кескин айырмаланып, бир эле күндө төрт мезгилдин табиятын сезүүгө болот.
Аймакта 2800гө жакын жаран жашайт. Негизги күнүмдүк тиричилиги — мал чарбачылыгы.
2018-жылдан бери “Гуйлун” (贵龙) аттуу жергиликтүү компаниянын колдоосу менен бул жерде туризм багытындагы инфратүзүмдөр өнүгүп, азыр туристтерди кабыл алган комплекстер иштейт.
Комплекс күн сайын 200гө чейин меймандарды кабыл алып, конок үйү, тамак-аш жана экскурсия кызматтарын сунуштап, жергиликтүү тургундар үчүн жумуш орундарын түзүп берген.
Мындан тышкары, жайлоодо мал чарба продукцияларын сатуудан тышкары, фото-сессиялар, сүт майынан жасалган кол самын чыгаруу жана сатыкка чыгаруу да жолго коюлган. Ар күн сайын улуттук ыр-бийлерден турган концерттик программалар уюштурулуп, жума сайын салттуу ат чабыштар өтүп турат.
Бүгүнкү күндө жергиликтүү эл өз аймагынын жаратылыш байлыктарын жана маданий мурастарын акыл менен колдонуп, жашоо шартын жакшыртуу жолун үйрөнүп келе жатат.
Салттуу жашоо образы заманбап мүмкүнчүлүктөр менен айкалышып, элдин кирешесин көбөйтүүгө жана жаратылыш ресурстарын экономикалык пайдага айлантууга өбөлгө болууда, - дейт Шинжаңдпгы “Гуйлун” курулуш компаниясынын төрагасы Инь Гуйлун.
Эске сала кетсек, 2025-жылдын 12–23-июну аралыгында Кытай Эл Республикасынын Пекин жана Шинжаң шаарларында «China Closer» медиа-туру өтүп жатат.
Медиа-турдун максаты — Кытайдын аймактык өнүгүүсүн, маданиятын жана жаңы технологиялык жетишкендиктерин эл аралык журналисттерге жана медиа өкүлдөрүнө таанытуу.
Иш-чаранын уюштуруучусу - CCTV (CCTV+) видеомаалымат агенттигинин президенти, башкы директору жана башкы редактору Гао Вэй.
Аталган иш- чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Пакистан, Гана, Африка, Эфиопия, Мьянма, Лаос, Мазамбик, Сауд Арабия, Ирак ж.б. өлкөлөрдүн медиа өкүлдөрү катышууда.