www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев толук кандуу медициналык жардамга муктаж. Аны №47 түзөтүү абагынан ала албайт. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда жактоочу Замир Жоошев.

Ал 1-апрелде Улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгери М.Бейшенкулов болжолдуу диагноз койгонун эске салды.

Анда Атамбаевдин жүрөк оорусу козголуп, инфаркт алдындагы абалда экени айтылган.

«Андан бери эч нерсе өзгөргөн жок», - деди жактоочу.

Эске салсак, Атамбаев 2019-жылы 8-августта кармалган. 2020-жылдын 6-октябрына чейин УКМКнын абагында болчу. 6-октябрга караган түнү камактан бошотулган.

Бирок 10-октябрда кайра кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости