www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 26-январда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов ИИМ тарабынан кармалган.
Белгилей кетсек, 9-октябрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында болуп өткөн массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыш иши ачылып, анын алкагында Курсан Асанов кармалган. Кийин үй камагына чыккан.
Маалым болгондой, Курсан Асановго Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») боюнча кылмыш иши козголгон.
«Асановду кармоо боюнча чыккан токтомдо «Имараттарды жана курулуштарды басып алуу» беренеси жазылган. Менин түшүнгөнүм боюнча, Октябрь окуялары учурунда Курсан Асанов Ички иштер министрлигинин имаратын басып алууга шектелип жатат окшойт.
Курсан Асанов Октябрь окуялары учурунда Ички иштер министрлигинин жетекчилиги качып, эч ким эмне кылууну билбей турганда өз авторитетин колдонуп, жагдайды жөнгө салууга аракет жасады. Асанов мыйзамсыз иш жасаган эмес. ИИМ азыр кайра аны кылмышка айыптап жатканы мыйзамсыз», - дейт анын жактоочусу. Бул тууралуу жактоочу Икрамидин Айткулов «Маралга» берген маегинде билдирди.
Эскерте кетсек, Асанов парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен аттанып, 10-январда өткөн президенттик шайлоодо 0,5% добуш алган.
Булак: NazarNews.kg