www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду добуш сатып алган деген негизде мандатынан ажыратууга байланышкан соттук процесс аягына чыга элек. Учурда иш Жогорку сотто каралып жатат. Депутаттын адвокаты ага карата саясий кысым күчөп жатканын социалдык тармактагы фейсбук баракчасы аркылуу билдирди...
Азыркы тапта Өмүрбек Бакиров шайлоо өнөктүгү маалында үгүт иштеринин мыйзамдуулугун сотто коргоп жатат. Кызыгы, БШК 2021-жылдагы шайлоодон Өмүрбек Бакировдун жеңгенин таанып мандат ыйгарган. Анан депутат болгондон кийин, анын бийликке карата оппозициялык көз карашынан улам мандатынан ажыратуу аракети көрүлүп жатканы акылга сыйбайт.
Белгилей кетсек, Бакиров 2021-жылы №4чү бир мандаттуу
Көк-Жар шайлоо аймагынан жеңип чыккандан кийин, добуш сатып алууга айыпталган. Бирок, райондук жана облустук сот анын бул ишке тиешеси жок деп таап, андан соң ага депутаттык мандат берилген.
2022-жылдын декабрь айында (бир жылдан кийин) ошол эле арыз ээси Рысбаевдин өкүлдөрү Бакиров шайлоочуларды сатып алган деген айып менен кайрадан сотко кайрылышкан. Доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенине карабастан, административдик сот доо арызды өндүрүшкө кабыл алган. Бул абсурд жана Кыргызстандын тарыхында жана дүйнөлүк практикада кездешпеген көрүнүш.
Айтор, жакынкы аралыкта Өмүрбек Бакиров мандатынан ажыратылышы мүмкүн болуп турат...
Булак: NazarNews.kg