www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакын арада Орусиядан «Спутник V» вакцинасы келет

Орусия Кыргызстанга жакынкы аралыкта «Спутник V» вакцинасын жеткирүүгө даяр экенин тастыктады. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Москва шаарында Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, өкмөттөр аралык кыргыз-россия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык комиссиясынын тең төрагасы Алексей Оверчук менен жолукту. Алар Садыр Жапаровдун 24-25-февралдагы Орусияга сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштердин жүрүшүн талкуулашты.

Артём Новиков Кыргызстан коронавирус инфекциясына каршы «Спутник V» вакцинасын расмий каттаганын, буга байланыштуу өлкө препаратты республика аймагына ташууга даяр экенин билдирди.

Ал эми Орусия тарап жакын арада Кыргызстандын эли үчүн аталган вакцинаны жеткирерин маалымдады.

Мындан тышкары, тараптар Орусиянын аймагындагы кыргызстандык мигранттардын укуктук макамын талкуулаган. Оверчук 2021-жылдын 15-июнуна чейин административдик чара колдонбостон жана Орусия Федерациясынын аймагынан тышкары чыгаруу зарылдыгысыз чет элдик жарандардын укуктук макамын тариздөөнү жүргүзүү мүмкүндүгү тууралуу маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости