www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элди экиге бөлгөн... Гүлзат Аалиева камакка алынды

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиеваны 21-апрелде камакка алды. Бул тууралуу анын бир тууганы Нурзат Аалиева «Азаттыкка» билдирди:

«Алиева кыргыз элинин маданиятын даңазалаган макалаларды жазат. Мындан тышкары диний ишмерлердин туура эмес иштери тууралуу, аларга каршы постторду да жазып келген. Алар биригип, адвокат жалдап, Гүлзатты сотко беришиптир. 21-апрелде саат 16.00дө милициядан аны суракка чакырышып, ошондон ары камап коюшту. Тергөөчү сот анын бөгөт чарасын аныктагыча, убактылуу кармоочу жайда кармала турганын айтты», - деди Нурзат Аалиева.

Гүлзат Аалиева адвокат Аида Абдрахманованын соцтармактардагы посттору аркылуу элди экиге бөлүп жатат деген арызынын негизинде суракка чакырылып, камалганы белгилүү болду.

Адвокат Аалиева ислам динине, Мухаммед пайгамбарга жана мусулмандарга акаарат келтирген билдирүүлөрү үчүн жоопко тартылышы керек деп эсептейт. Буга чейин анын постторуна нааразы болгон ондогон жаран укуктук жардам сурап өзүнө кайрылганын, анын негизинде арыз жазышканын айтууда.

Милициядан илимпоздун кармалышынын чоо-жайы тууралуу маалымат алууга мүмкүн боло элек.

48 жаштагы Гүлзат Аалиева учурда Бишкектеги менчик эки медициналык университетте философиядан сабак берет. Ага чейин 15 жылдай Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында кафедра башчысы болуп иштеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости