www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, эртен Казакстан менен Өзбекстан эгер, транзиттик өлкөгө айлансаңар анда силерге биздин жерге кирүүгө чектөө коёбуз деп жарыялашы мүмкүн. Мындай пикирди бүгүн, 27-августта NazarNews маалымат агенттигине Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Аскар Бешимов билдирди.
- Кыргызстандын транзиттик мамлекетке айланып бара жатканына Казакстан менен Өзбекстандын мамилеси кандай?
- Тышкы коркунучтар, тышкы чакырыктар Борбор Азияны кошулууга, бирдиктүү күн тартибин чыгарууга түрткү болобу деген максат, үмүт бар. Анын ичинен ири мамлекеттер булар Казакстан менен Өзбекстандын арасындагы болгон мамиле. Алар ишеним артып, биримдикке келсе сырткы коркунучтардын негизинде ички таймашууну, бут тосууларды токтотуп чыныгы мамиле кылабыз десе, калган өлкөлөр ал нерсеге сөзсүз кошулат. Бул нерсеге тышкы күчтөр укрусаат береби жокбу ал башка маселе.
Бүгүнкү күндө Токаевдин, Мирзёевдин билдирүүсү боюнча алардын дагы мамилеси өзгөрүп кооптонуп жатышат. Биздин бул транзиттик өлкөгө айланып бара жатканыбызга бүгүн, эртең сөзсүз реакция болот. Мисалы Орусия Ооганстандан келген качкындарды кабыл алуу бул туура эмес деп билдирген. Силерге визасыз батышка виза менен кириш керек деген бул кемсинтүү деп кабыл алганын Путин айткан. Ушул эле позицияны Казакстан, Өзбекстан дагы колдоду. А бизде жалпы мамлекет деңгээлинде чечим жок болгондуктан пакистандыктар бизди каптап кетти. Бүгүн эртен Казакстан, Өзбекстан эгер, силер транзиттик өлкөгө айлансаңар анда силерге биздин жерге кирүүгө чектөө коёбуз деп жарыялашы мүмкүн. Себеби бул өлкөлөр арасында виза жок. Менин оюмча алар жакын арада ошондой чектөө кылат.
Булак: NazarNews.kg