www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев Жамбыл облусунда жайгашкан аскер бөлүктөгү жарылуудан кийин кызматын тапшыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөт мүчөсүнүн брифингдеги сөзүнө таянып Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Жарылуу жөнүндө угарым менен отставкага кетишим керек деп чечим кабыл алгам. Албетте, акыркы сөздү өлкө жетекчилиги кабыл алат", — деди министр журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Sputnik Казакстан агенттигине министрликтин маалымат кызматынан билдиришкендей, учурда Ермекбаев кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери менен алек. Баары соңуна чыккандан кийин ал арызын жазары кошумчаланды.

Белгилей кетсек, буга чейин жарылуулар учурунда төрт аскер кызматкери каза болгону айтылып жатса, акыркы маалыматтардан өрт өчүрүүчүлөр командасынын начальниги дагы көз жумганы белгилүү болду. Ушуну менен каза болгондордун саны бешке жетти. Ал эми жаракат алгандардын саны 90дун тегерегинде экени айтылууда.

Эске салсак, Жамбыл облусундагы аскер бөлүктүн аймагында кечээ, 26-августта кечки саат тогуздарда өрт чыгып, кесепетинде бир нече жарылуу болгон. Бийлик жарылуу болгон аймакка жакын жердеги айылдардын тургундарын коопсуз жайга көчүрдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости