www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки кишини өлтүрүүгө шектелген өспүрүм кыйноолордон кийин күнөөнү мойнуна алганын билдирди. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору кабарлады.

2005-жылы туулган жашы жете элек Ж.М.нын ата-энеси Свердлов РИИБдин милиция кызматкерлеринин үстүнөн арызданып, Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнө кайрылышкан. Алар уулу милиционерлер тарабынан кармалгандан кийин кыйноого алынгандыгын билдиришкен.

Өспүрүм 2021-жылы 12-майда Бишкекте эки аялды өлтүргөн деп шектелүүдө.

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери азыркы тапта №14 тергөө изоляторунда камакка алынган өспүрүм менен баарлашты.

«Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Ж.М. 2021-жылы 12-майда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун Ой-Тал айылында кармалганын билдирди. Өспүрүмдүн айтымында, милиция кызматкерлери аны Чоң-Өрүктү айылындагы токойдо кыйноого алышкан. Күнөөнү мойнуна алдыруу үчүн милиция кызматкерлери баланын кабыргасына уруп, башына хлор салынган полиэтилен баштыгын кийгизип, ийнени тырмактарынын астына сайышкан. Андан кийин аны унаанын багажына салып, Бишкек шаарына, Свердлов РИИБге алып барышкан. Кабинетте милиция кызматкерлери кармалган өспүрүмдү тапанча менен коркутуп, кыйноону улантышкан. Ал көрсөтмө берүүдөн баш тартканда, милиционерлер атасын баңгизат менен камата турганын айтып коркутушкан. Андан кийин өспүрүмдүн айтымында, кылмышка барбаса да, киши өлтүрүү фактысын мойнуна алууга туура келген», - деп айтылат Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбордун маалыматында.

Баарлашуудан кийин Ж.М. милиционерлердин үстүнөн кыйноо жөнүндө арыз жазды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости