www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев Жамбыл облусундагы аскердик кампада болгон жардыруулардын себеби диверсия болушу мүмкүн экенин четке каккан жок. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.

Коргоо министрлиги жардыруу, өрт атайын жасалган болушу мүмкүн экенин четке какпайт.

"Кырсыктын келип чыгышын тергөө-ыкчам тобу иликтейт. Биз алдын ала версиялар боюнча ар кандай себептерди жокко чыгарбайбыз. Бул коопсуздук талаптарынын бузулушу, өзүнөн өзү күйүү жана химиялык реакция болушу мүмкүн. Атайылап өрттөө же саботаж болушу мүмкүн деген версиялар да жокко чыгарылган эмес", — деген коргоо министри Нурлан Ермекбаев.

Ал кошумчалагандай, адистердин билдиргенине караганда, дагы жарылуу болбойт, өрт өчүрүлүүдө.

Эске салсак, аймактагы аскер бөлүктүн аймагында 26-августта кечки саат тогуздарда жарылуу катталып, алты жолу кайталанган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости