www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамбыл облусундагы аскердик кампада болгон жарылуудан төрт аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев билдиргенин Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.

Кечээ Кыргызстан менен чектешкен Байзак районундагы № 28349 (инженердик-сапердук бригада) аскер бөлүгүндө жарылуу болуп, ири өрт чыккан. Андан снаряддар жарылып, тегеректи көздөй уча баштаган. Кырсыкка жакын жердеги айылдардын 700 тургуну коопсуз жайга көчүрүлгөн болчу. Жарылуулар түнкү сааттарга чейин уланган.

Убактылуу эвакуация пунктунда 170 киши бар. Акыркы маалыматтарга ылайык, ооруканага түшкөн 28 адамдын ичинен алтоонун абалы оор экени айтылууда. Төрт аскер кызматкери каза болгон. Дагы үч аскер кызматкери менен байланыш болбой жатат. Өрт учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 49 кызматкери жабыркаган, айрымдары дайынсыз болуп, аларды издөө иши уланууда. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам берилери айтылды.

Эске салсак, аймактагы аскер бөлүктүн аймагында кечээ, 26-августта кечки саат тогуздарда жарылуу катталып, алты жолу кайталанган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости