www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттөгү булактардын маалымдашынча, бүгүн кыргыз-казак чек арасынан Кыргызстандын аймагына 4500дөй киши өткөн. Жакынкы күндөрү бул сан дагы өсүшү мүмкүн. Маалыматты атайын органдар тастыктай элек. Буга чейин Чек ара кызматы Кордайдан Кыргызстандын аймагына киргендер көбөйгөнүн, алар коронавируска текшерилип, тепловизордон өтүп жатканын билдирген. "Азаттыктын" маалыматына таянсак, Кыргызстанга келгендердин көбү аялдар, балдар жана кары-картаңдар. Кыргызстанга өткөндөрдү жергиликтүү тургундар тосуп алып, тамак-аш, суу берип жатышат. 

Белгилей кетсек, 8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы башаламандыктан сегиз адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургымбаевдин айтымында, эки полиция кызматкери октон жараат алган. Жыйынтыгында 30дан ашуун турак үй, 15 имарат жана 23 автоунаа талкаланган. Кырдаалды курчутууга шек саналып 47 адам кармалды.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бир нече айылда орун алган тургундар ортосундагы жапырт мушташты чагымчылдар колдонуп кеткенин белгилеген. Бул айылдарда казактардан тышкары дунгандар да жашайт. Токаевдин буйругу менен Казакстанда жаңжалдын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү, деп билдирди www.azattyk.org сайты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости