www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 7-февралда, Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык улут аралык жаңжал болгон. Жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери ал окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштерин жүргүзүлүп алдын камакка алышкан.

Казакстандын вице-премьери Бердибек Сапарбаев президенттин тапшырмасы менен 7-февралдан 8-февралга караган түнү болгон окуяга байланыштуу Кордай районунун Масанчи айылына келип, жабыркагандар менен жеринен таанышты.

Учурда 12 адам ооруканага жаткырылып, 20 адам жеңил жаракат алган. Аны менен бирге эле 127 адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, 84 адам текшерүүдөн кийин үйүнө жиберилген.  Ал эми такталбаган маалыматтарга таяна турган болсок 3 миңге жакын дунган улутундагылар кыргыз-казак чек арасына кирип келишкени айтылууда.

Учурда Кордай районунун Масанчи айылында абал туруктуу. Бүгүн, 8-февралда кайрадан социалдык тармакта Казакстандын патрульдук полициясын дунган улутундагы белгисиз жарандар жакалап, ызы-чуу болуп жаткан тасма тарады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости