www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сак бололу, жакында кандай коркунучтар күтүлүүдө. 2020-жылы коронавирус деген коркунуч ааламды титиреткен, быйыл кандай коркунучтар күтүлүүдө. «Eurasia Group» консалтинг ишканасы дүйнө жүзү алдыдагы жакында дуушар боло турган он коркунучтун рейтингин түздү.
Тизменин сап башында алдыңкы коркунучта «бөлүнгөн Америка» турат. Бул АКШнын калкынын ар бир жарымы жаңы президентти легитимсиз деп эсептей турган абалга кептелет. Эксперттердин айтымында, мындай кырдаал АКШда Джо Байдендин бийликке келиши менен курчуйт. Бул дүйнө жүзүндөгү геосаясий кырдаалга таасирин тийгизип, рецессияга алып келет.
Экинчи сапта COVID-19 пандемиясы турат. Вакцинациянын фонунда коомдун бай жана кедей болуп бөлүнүшү дагы күчөйт. Бул көптөгөн өлкөлөрдө жарандык толкундоолорго алып келет. Мындан тышкары, пандемия жумуш орундарын кыскартуу, өкмөткө болгон ишенимди жоготуу, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү карыз кризистерине барып такалат. Үчүнчү маанилүү коркунуч - климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү деп эсептейт.
Андан тышкары, «Eurasia Group» 2021-жылы күтүлгөн коркунучтар:
- АКШ менен Кытайдын ортосундагы мамиленин чыңалуусу;
- маалыматтарды эл аралык форматта өткөрүп берүүдөгү кыйынчылыктар;
- санарип мейкиндигинде глобалдык жаңжал чыгуу ыктымалдыгы;
- түрк экономикасынын саясий кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон көйгөйлөрү;
- жакынкы Чыгыштагы мунайзаттын баасынын төмөндүгүнө байланыштуу экономиканын рецессиясы;
- Ангела Меркелдин Германиянын канцлердик кызматынан кетиши. Ошондой эле пандемияга жана кээ бир өлкөлөрдөгү шайлоолорго байланыштуу Латын Америкасындагы саясий жана социалдык кризис.
Эске салсак, буга чейин ДССУ уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус Улуу Британия, Түштүк Африкада коронавирустун жаңы түрү аныкталганын билдирип, вирустун баардык өзгөрүүлөрүн жана алардын кесепеттерин жакшыраак түшүнүү үчүн дүйнө жүзүндөгү илимпоздор менен тыгыз кызматташып жатканын айткан эле.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg