www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад: Юстиция башкармалыгына жаңы жетекчи келди

Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын жаңы башчысы дайындалды, - деп билдирет Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, министрликтин статс-катчысы Улугбек Календеров Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды.

Ички конкурстун жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын начальниги кызмат ордуна Камчыбек Салихов дайындалды.

Тиешелүү дайындоого юстиция министри Марат Жаманкулов кол койду.

Министрликтин статс-катчысы У. Календеров тааныштыруунун жүрүшүндө иштеги ийгиликти каалап, калкка мамлекеттик кызматтардын сапаттуу көрсөтүлүшүнө контролдоону жүзөгө ашыруу, жарандардын кайрылууларын жана арыздарын өз убагында кароо жана аткаруу тартибин жакшыртуу зарылдыгына басым жасады.

Маалым кат:

Салихов Камчыбек Абдирашитович 1966-жылдын 13-февралында туулган.

1997-жылы “Правовед” адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.

Иш тажрыйбасы:

1997-1998-ж. - Баткен райондук мамлекеттик администрациясы, Юрисконсульт;

2000-2000-ж. - Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы, Укук коргоо жана коргонуу секторунун башкы адиси;

2001-2002-ж. - Баткен районунун мамлекеттик администрациясы, аппаратын жетекчиси;

2012-2014-ж. - Шааркурулушу жана архитектура боюнча Баткен облустук башкармалыгы, юрист;

2016-2017-ж. - Баткен райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн башчысы;

2017-2020-ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Баткен облусунун юстиция башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

2020-ж. 30.12. тартып азыркы мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын начальниги.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости