www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын айылдарында 5-январдан тартып электр энергиясын колдонууга чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Тажик радиосу «Барки точик» энергохолдингине шилтеме кылып кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, айыл тургундарында электр жарыгы түнкү саат 23:00дөн эртең мененки алтыга чейин өчүрүлүп турат. Азырынча чектөө качан алынары белгисиз.

«Барки точик» холдингинин аты-жөнүн айткысы келбеген кызматкери электр энергиясын колдонууга чектөөлөр киргизилгенин ырастап, бирок шаарларда жарык өчүрүлбөй турганын белгиледи. Анын айтымында, мындай чечим Нурек ГЭСинин суу сактагычындагы суунун деңгээли төмөндөп кеткенине байланыштуу кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Тажикстандын бийлиги электр энергиясын колдонууга чектөөлөрдү киргизүү ыктымалдыгы тууралуу декабрдын ортосунда айта баштаган. 15-декабрда өкмөт мүчөлөрүнүн, шаар жана облус жетекчилеринин катышуусунда өткөн жыйында өлкө президенти Эмомали Рахмон калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырып, болбосо кайрадан чектөөлөрдү киргизүүгө туура келерин эскерткен.

Тажикстанда айрым райондордун тургундары ноябрдан баштап эле эртең менен саат сегизден кечки бешке чейин электр жарыгы өчүрүлүп жатканына даттанып келишкен. Анда «Барки точик» холдинги электр энергиясын берүүдөгү мүчүлүштүктөр оңдоо иштерине байланыштуу экенин билдирген.

Бул ортодо Тажикстанда 20 жылга жакын убакыттан бери октябрдан апрелдин ортосуна чейин жарандарга электр энергиясын берүүдө чектөөлөр болуп келген.

Эске салсак, 2017-жылы алгачкы жолу кышкысын чектөө киргизилген эмес. Анда «Барки точик» компаниясы кичи ГЭСтер жана ЖЭБдер курулганын, бул электр энергиясын үнөмдөбөй пайдаланууга мүмкүндүк берерин билдирген.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости