www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы өзгөчө абал алынган соң, күч түзүмдөрү Жалал-Абад шаарынын аймагын көзөмөлгө алууну күчөттү. Жалал-Абад шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Бирок буга карабастан коменданттык саатын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынын аймагынан 5 жаран кармалып, ШИИБге жеткирилди. Ошондой эле өзгөчө абал киргизилген аймакта бир сутка ичинде 5 кылмыш окуялар фактысы катталган. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган эмес.
Азыркы учурда коронавирус илдетинин жайылуусун алдын алуу багытында бир топ иштер жүргүзүлүүдө. Кызматкерлер күнү-түнү тынымсыз кызмат өтөшүп, блок-посттордо шаар аймагына кирип-чыгуулар тыкыр текшерилип жатат. Атуулдардын көчөдө негизсиз жүрүүлөрүн болтурбоо үчүн кайгулдоо багыттары түзүлүп, дислокациянын негизинде жумуштар алып барылууда. Жарандарга азыркы кырдаал туура багытта түшүндүрүлүп, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого жана зарыл жумуштар болбосо үйдө отуруу керектиги эскертилүүдө.
Ошондой эле комендатуранын алдында түзүлгөн «Бирге жеңебиз» кайрымдуулук штабы өз ишин улантып жатат. Шаар тургундарынын азык-түлүккө болгон муктаждыктары боюнча телефон чалуулары кабыл алынып, күнүмдүк керектелүүчү азыктар муктаж болгон жарандардын үйлөрүнө жеткирилип берилүүдө.
Булак: NazarNews.kg