www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаардык мэрия тарабынан мындан 25 жыл мурун менчикке берилип кеткен төрт гектар жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Шаардык прокуратура териштирүү жүргүзүп, жер тилке 1996-жылдын 22-августунда "А" аталышындагы ишкерлер ассоциациясына автосервис куруу үчүн берилип кеткендигин аныктаган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн буйрукту жараксыз деп табуу жөнүндөгү шаардык прокуратуранын доо арызы бардык соттук инстанциялар тарабынан канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жогорудагы жер тилке Жалал-Абад шаардык мэриянын балансына өткөрүлгөн. Жер тилкенин баасы 98 миллион 160 миң сомду түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости