www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Таабалды Тиллаев Баткенге макам берүү боюнча кандай иш-чаралар болорун көрсөтүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

«Эл айтып жаткандай, өкмөт Баткенге өгөй баласындай мамиле кылып жатат. Баткенге өзгөчө макам берүү боюнча айыл, токой жана суу чарба министрин баяндамачы кылып жазып коюпсуңар. Жыйынга министрдин орун басары келди. Макамды аталган министрлик чечип калдыбы?

Мындай мыйзам кабыл алгандан кийин кандай иш-чаралар болорун көрсөтүп кетишибиз керек. Чек арага жакын аймактар макам алган учурлар бар. Мыйзамда каралганы менен бир тыйын дагы колдоо жок. Биз азыркы күндө губернаторду күчтөнтүп элдин кыжырын келтиребиз. Кечээ дагы жарандарыбыз тажик тараптан барымтага алынды. Ошол жерде жашаган адамдын ордуна өзүбүздү коюп көрүшүбүз керек. Макамга жараша элге колдоо көрсөтүү керек.

Салыктык жеңилдик дейбиз. Ал жакка бирөө жарым ишкерлик ачабы, ачпайбыз белгисиз. Чек ара макамын алгандарга жөлөк пулду берип, пенсиялардын көлөмүн көбөйтүү шарт», - деди Тиллаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости