www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абадда “Маркай” тилкесиндеги мыйзамсыз иштетилген 8 шахта жабылганын “Кыргызкөмүр” ишканасынан билдиришти.
Шахталардын тереңдиги 80–120 метрге чейин жетип, коопсуздук талаптары сакталган эмес. Мыйзамсыз тартылган электр чубалгылары энергетиктер тарабынан үзүлдү.
Адистер белгилегендей, мыйзамсыз жана эски ыкма менен кен казуу адам өмүрүнө олуттуу коркунуч жаратат. Мындай шахталарда коопсуздук шарттары камсыздалбагандыктан, буга чейин адам өлүмү менен аяктаган учурлар катталган.
Ошондой эле жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү жана эскертүү иштери жүргүзүлдү. Мыйзам бузуулар кайталанса, тиешелүү чаралар көрүлөрү айтылды.
Көк-Жаңгак кенинин “Маркай” тилкесинде мыйзамсыз көмүр казууга каршы атайын рейд 10–11-февралда күч түзүмдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлдү.