www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринин жооптуу кызматкерлери 2020-жылдын 12-март күнү мыйзамсыз миграцияны уюштурган фактыны аныкташкан. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факт Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин 122-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин 108-беренесине (Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу) квалификацияланган.
Тергөө ишинин жыйынтыгында бул материал соттун кароосуна жиберилген. Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринин жооптуу кызматкерине 2020-жылдын 23-июль күнү Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Булак: NazarNews.kg