www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8-май күнү Жалал-Абад шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналган “Мен атамды жана агаларымды эскерем” аталышындагы веложүрүш болмокчу. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Шарадын вице-мэри Руслан Алтымышовдун айтуусунда, бул веложүрүшкө шаардагы мекеме-ишканалардын, окуу жайларынын, коомдук бирикмелердин, жеке менчик субъекттердин өкүлдөрү катышышат.

-Веложүрүш идеясын шаар коомчулугу сунуш кылган, аны шаар мэриясы колдоп чыкты. Эртең шаардын четиндеги “Байэл” базарынан “Жеңиш” эс алуу багына чейин велосипедчендер колоннасы жүрүш жасап, Улуу Жеңиштин урматына чоң акция өтөт. Ал эми эс алуу багында атайын тематикалык стенддер, маалыматтык-майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Ага согуш ардагерлери да катышышат, - дейт ал.

Эскерте кетсек, ушул күнү “Жеңиш” эс алуу багында “Мен атамды жана агаларымды эскерем” аталышындагы сүрөт тартуу сынак-көргөзмөсү уюштурулат. Каалоочулар бул акцияга катышып, Улуу Жеңишке болгон өзүнүн ички туюмдарым сүрөт аркылуу көргөзө алат. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелигинин жанында маркумдарга багышталып Куран окулат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости