www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-майда “Кыргыз Туусу” газетасынын жыйындар залында Ислам изилдөө илимий институту тарабынан “Кыргызстандагы диний абал: көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр” деген темада тегерек стол — ​талкуу өттү. Аталган институттун директору Маметбек Мырзабаевдин айтуусунда, бул иш чара Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечиминин аткарылышын утурлай уюштурулду. Жыйынга мамлекеттик мекемелердин, диний уюмдардын өкүлдөрү жана жеке эксперттер катышты.

Алгач сөз сүйлөгөн М. Мырзабаев 2014-жылы кабыл алынган КРнын дин жаатындагы кабыл алынган Концепциясынын кандай деңгээлде ишке ашырылып жаткандыгы жана ийгиликтери менен кемчиликтери тууралуу баяндама жасады. Анын пикиринде, азыркы учурда дин чөйрөсүндөгү негизги маселелер диний уюмдарды каттоо, ажылык иштерин уюштуруу жана коомдогу коопсуздук кырдаалдары болууда.

“Төрт жыл кайсы бир белгиленген иш планды аткаруу үчүн жетиштүү убакыт. Бирок бул аралыкта эмне өзгөрдү? Ооба, Кыргызстандын бийлиги ханафий мазхабын расмий түрдө таанып, кабыл алды. Бул багытта кандайдыр бир иш чаралар жүргүзүлүп жатат. Бирок айрым диний аалымдар же жамааттардын өкүлдөрү мамлекет менен коомчулукка ачык эле чакырык ташташууда. Мисалы, 21-март — ​Нооруз майрамы Кыргызстандын календарында кызыл түс менен белгиленип, дем алыш күн катары жарыяланган. Бул өкмөттүн чечими жеке мага жагабы, жокпу, мен мыйзамды сыйлаган жаран катары сыйлаймын жана эч кандай каршы пикир айтууга акым жок. Тилекке каршы айрым белгилүү аалымдар мамлекеттин саясатына каршы сөз айтып, Ноорузду мусулмандар белгилебеш керек деп чыгышты. Бул ачык эле коомго каршы чакырык болуп саналат. Баарынан кызыгы, ушул жагдайды көрүп, билип туруп айрым түздөн-түз дин мекемелерин көзөмөлдөгөн укук коргоо жана мамлекеттик органдар унчукпай калгандыгы болууда. Башка диний аалымдар да билмексен болуп коюшту”, — ​деди М. Мырзабаев.

Андан ары ал ажылыкты уюштуруу иштериндеги жагдайга токтолуп, кандай реформалар жасалгандыгын жыйындын катышуучуларына собол катары таштады. Модератордун пикиринде, 2015–2016-жылдары ажылыктын баасы так айтылып келген. Тилекке каршы азыр андай маалымат алууга мүмкүн болбой жатат. Ошол учурдагы КРнын Президентине караштуу Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев ажылыктын баасынын кымбатташын АКШ долларынын кунунун өзгөрүүсү менен байланыштырган.

“Тилекке каршы ажылыкты уюштурууда системалуу өзгөрүү болгон жок. Асан кетип, анын ордуна Үсөн келүү менен гана чектелип калуудабыз. Бул “орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт” деген математикалык формула эле болуп калууда. Өлкөбүздө президент алмашты. Ошого жараша дин тармагы да өзгөрүшү зарыл. Азыр ар бир зыяратчы милдеттүү түрдө 450 АКШ долларын беришет. Бирок ал акча кайда, кандай максатта жумшалгандыгы жана дегеле ажылыктын баасы боюнча так эсеп берилбей келүүдө. Умраны да муфтият өз колуна алып алган?”, — ​деди алып баруучу.

М. Мырзабаев муфтият ажылыкты уюштуруучу мекемени гана элестетип, дин боюнча башка көйгөйлүү маселелер экинчи орунга түшүп калгандыгын да белгиледи. Мисалы, салафизм тууралуу пикирин ачык айтпайт. Белгилүү дин аалымы Кадыр Маликов ислам дининдеги терс көрүнүштөрдү ачык сындагандыгы үчүн өмүрүнө кол салуу болду. Бул кандайдыр бир акча же кызмат орун талашуу эмес, эң оболу идеологиялык жагдай. Демек, Кыргызстанда кайсы бир коом менен мамлекетке каршы иш жүргүзгөн диний агым же жамаатты сынга алган адамдын жеке өмүрүнө чоң коркунуч жаралууда.

Эмилбек Момунов

Последние новости