www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаарда жаштар арасындагы ар тараптуу иштерди жакшыртуу максатында шаар мэриясынын токтому менен Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы жаштар иштери боюнча кеңеши түзүлдү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Алынган маалыматта мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бейөкмөт уюмдарынын жана жергиликтүү жамааттардын жаштар менен иштөө жагынан конструктивдүү аракеттерин камсыз кылуу максатында ушундай кеңеш түзүлүп жатканы айтылат.

Жаштар иштери боюнча кеңешке “Юз оф Жалал-Абад” коомдук фондунун координатору Ж. Рыскулова төрайымдык кылса, шаар мэриясынын алдындагы жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы жана башкы адиси анын орун басарлары болушат. Андан башка шаардык муниципалдык структурлардын, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, бизнес түзүмдөрдүн, дин жана бейөкмөт уюмдарынын 9 өкүлү кеңешке мүчө болуп киришкен.

Шаар мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Байышбек Ташбаевдин айтымында, мунун өзү шаарда жаштар менен иш алып баруу боюнча ар кайсы кызыккан тараптардын аракеттерин координациялоого, натыйжауулугун арттырууга көмөк берет.

-Бул эң туура кадам болду, себеби коомдун эртеңи жаштардын кандай болушунан көз каранды болуп эсептелет. Ушул жагынан алганда ар кайсы тараптар өз аракеттерин бириктиришсе, анда сөзсүз жакшы натыйжа чыгат. Мэрия тарабынан Жаштар иштери боюнча кеңештин жобосу бекитилип, азыр кеңеш толук кандуу ишке киришип жатат, - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости