www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп Сирияда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшкөн күрд аскер бөлүктөрүнө курал-жарактарды түз жеткирүү боюнча планды колдоду. Бул тууралуу Вашингтондо расмий түрдө жарыяланды.

The Wall Street Journal билдиргендей, мындай жол менен Ракка шаарын ээлеп алган жихадчыларга каршы чабуул жасаганга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Ошол эле маалда Вашингтондун бул чечимине Түркия нааразы болушу мүмкүн. Алар күрд козголоңчуларын террорчулар катары эсептешет.

Күрддөргө курал жөнөтүү маселеси бир нече айдан бери талкууланып жаткан. The Wall Street Journal Сириядагы “Элдик коргонуу отряддары” күрд уюмун америкалык аскерлер АКШнын ишенимдүүрөөк союздашы катары эсептешерин жазды.

Булак:"centralasian.org"

Последние новости