www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокат районунун Сахаба эс алуу багында 9-май күнү Жогорку Кенештин депутаты, “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиш майрамынын урматына онунчу жолу кыргыз күрөшү боюнча ири мелдеш өткөрдү. Жыйырма миңден ашуун эл балбандардын күрөшүнө күбө болуу менен Жеңиш күнүн ойдогудай майрамдашканы жүздөрүндөгү кубанычтан байкалып турду.

Алтынбек Сулайманов чогулган элди 9-май – Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап, “Улуу Жеңиш күнү – элибиздин эрдигин, биримдигин даңктаган өзгөчө мааниге ээ майрам. Бул майрамды белгилеп, ушул күнү мелдеш уюштуруу менен, аталарыбыздын эрдигине таазим кылып, келечек муунду мекенчил болууга тарбиялайбыз!” –деп белгиледи өз сөзүндө А.Сулайманов. Кыргыз күрөшү боюнча чемпиондук наамга ат салышуу үчүн өлкөбүздүн бардык аймактарынан, ошондой эле коңшу мамлекеттерден балбандар келишти. Мелдешке 80 кгга чейин жана 80 кгдан ашык жалпы 500дөй балбан катышты.

Күрөш оюндары боюнча мелдеш бир күн боюу уланып, жеңүүчүлөр кечке маал аныкталды. Жеңүүчүлөр жана алдыңкы орундарды алгандар дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Байге фонду жалпы 1000000 (бир миллион) сомду түздү. 80 кг чейинки салмак боюнча жеңүүчүлөр: 1. Карабаев Мирбек 2. Маматзакиров Кайрат 3. Камалов Айбек 4. Жамалдин уулу Дамирбек 80 кг жогорку салмак боюнча жеңүүчүлөр: 1. Аканов Чыңгыз 2. Аширов Ороз 3. Узаков Шерали 4. Кыргызбаев Жеңиш.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости