www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Карманаарыбыз, таянаарыбыз бир гана улуу дастан Манас экенинде шек жок. Өзгөчө капитализмдин каардуу бороонунда рухий бийиктиктер гана адамдык асыл сапаттарды сактап калаары айкын эмеспи. Андыктан Кыргызды кыргыз кылып турган эпосубузду ар качан аздектешибиз шарт. Арийне так ошол улуу рух байлыгынын арты менен абийир тапкысы келгендер арабызда жок эмес.
Дегеним, Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Самат Ибраев мырза туура мындан бир жыл мурун 3 манасчынын ар бирине 3 бөлмөлүү батир бергенин шардана кылып, өзүн бир топ пиарлап алган. Аны уккан ар бир кыргыз, «Бали, өркүнү өссүн, Манастын арбагы колдосун» – деген сыяктуу алкоо сөздөрүн айткан эле. Тилекке каршы, биздин сурамжылообузда аныкталгандай Самат мырза бүгүнкү күнгө чейин ал батирлерин бере элек экен.
Мейли, 2-3 айда же 6 айда бүтө турган үйдү берсе макул дейли, анан дээрлик бир жылдан бери бүтпөгөн үйдү «белек кылдым» деп, өзүн пиарлаганына жол болсун. Арийне, руханий бийиктикти баккан манасчылар Ибраевдин белек үйүсүз эле өнөрлөрүн өстүрүп, Айкөлдү аздектешет деңизчи. Бирок, эл алдында улуу дастанга жамына аброй таап, алкышка маарыган Самат мырзанын бул санатын кантип түшүнөбүз?
Булак:"Де-Факто"