www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 8-апрелде берген маалымат жыйында Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасы жабылгандыгын айткан. Бул боюнча аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, министр Ош менен Жалал-Абад шаарындагы оорукананы алмаштырып айтып алган.

"Ош шаарындагы балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы убактылуу дезинфекция иштери менен жабылган. Ал эми ал жакта дарыланып жаткан балдар Ош облустар аралык ооруканага которулган. Кошумча Кара-Суу райондук балдар ооруканасы дагы даярдалган. Ал эми кызматкерлер ооруп калды делген маалымат боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзөт", - деди басма сөз кызматынан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости