www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-апрелде Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында Республикалык ыкчам штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Штабдын жыйынында коронавирус менен ооругандарды дарылоо жайларында иштеген медицина кызматкерлерин жетишсиз камсыздоо боюнча маселе көтөрүлдү.

«Бүгүнкү күнү 30дан ашуун медициналык кызматкерге коронавирус жуккан. Бул кайталанууга болбой турган кейиштүү учурлар. Дагы бир ирет кайталап кетсем, ишке тартылган бардык медицина кызматкерлери коргоо кийимдери жана өздүк коргонуу каражаттары менен максималдуу түрдө корголушу керек. Бул биринчи кезекте дарыгерлерге жана башка медицина кызматчыларына, ошондой эле бир катар кызматтардын өкүлдөрүнө тийиштүү. Ушул маселе боюнча кемчилдиктерди кетирген жооптуу адамдар жазаланат. Медициналык мекемелерде бардык бекитилген эрежелер катуу сакталууга тийиш, медиктерге вирус жуккан фактылар мындан ары болбошу керек», - деди Кубатбек Боронов. 

Ошондой эле Ички иштер министрлигине калктын жана унаалардын кыймылын тартипке келтирүү, үйдөн тышкары чыгууларды болушунча азайтуу тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости