www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын өкмөтү президент Эмомали Рахмондун күйөө баласы Шамсулло Сохибовго таандык “Фароз” компаниясына беш гектар жер тилкесин бөлүп берди. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты.

Кечээ, 7-апрелде “Озоди” радиосунун колуна тийген тиешелүү токтомдун көчүрмөсүндө ал жерге курулуш материалдарын саткан базар салынары жазылган.

“Фароз” жабык акционердик коомуна Душанбе шаарынан 4,96 гектар сугат жер туруктуу колдонууга берилет. Компенсация катары компания өлкө бюджетинин атайын эсебине 673 миң 274 сомони (67 миң доллар) которуу милдеттенмесин алат”, — деп жазылган токтомдо.

Расмий түрдө 2002-жылы каттоодон өткөн “Фароз” жабык акционердик коому былтыр жайында ишмердүүлүгүн токтотуп, жоюларын жарыялаган. Компания директорунун Салык кызматына жолдогон расмий катында атаандаштыкка туруштук бере албай калгандыктан, өлкөгө күйүүчү май жеткирүү ишмердүүлүгүн токтотууга ниеттенип жатканы жазылган.

Бирок өткөн жылдын соңунда “Озоди” радиосу жүргүзгөн иликтөөдө бизнес-холдинг дале болсо бул ишмердүүлүгүн улантып жатканы айтылган. Андагы материалдарда “Фарозго” 60тан ашык ири жана кичи уюмдар менен ишканалар таандык экени көрсөтүлгөн. Алардын арасында май куюучу жайлардын түйүнү, медициналык лабораториялар, бажы терминалдары, автомектептер, тоо-лыжа комплекси бар. Ошондой эле, компания алтын жана башка бир нече кендерди иштетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости