www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддын облустук жугуштуу оорулар ооруканасы анда иштеген кызматкерлер коронавирус илдетин жуктуруп алышкандыгына байланыштуу оорукана жабылды. Ал жерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелдеги брифингде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, ал ооруканада жыйынтыктоочу дезинфекциялоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

“Ош облустар аралык ооруканасынын бир корпусун бошотуп, ошол жакка таажывирусун жуктуруп алган балдар үчүн атайын койко даярдайбыз. Ал эми Жалал-Абаддагы оорукананы дезинфекциялоо үчүн жабылды. Бардык кызматкерлер ооруканага жаткырылды, алар менен тыгыз байланышта болгон адамдарды обсервацияга жаткырдык” – деп билдирди министр.

Жалал-Абад бириккен облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү жабылган жок. Бул тууралуу, бүгүн, 8-апрелде Республикалык штабдын Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Урмат Боржуев билдирди. Анын айтымында 13 киши ооруканадан чыгарылгандан кийин дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн. “Оорукана жабылган жок. Анын ичинде кызматкерлер иштеп жатышат. Оорукана бейтаптарды кабыл алууга даяр”,-деп билдирген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости