www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылында прокуратуранын сунушу менен психиатриялык оорукананын башкы дарыгери кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Кызыл-Жар айылындагы Республикалык психиатриялык оорукананын ишмердүүлүгүн текшерген.

Аталган оорукананын башчысы Г.М. адам өлтүрүүгө айыпталган психикалык оорулууга карата соттук-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгы менен сот органдарына мыйзамсыз сунуштама берген.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигине башкы дарыгер Г.М.га карата катуу тартиптик чараларды көрүү боюнча сунуш киргизген. Жыйынтыгында башкы дарыгер ээлеген кызматынан бошотулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости