www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалпы билим берүүчү уюмдарга санитардык нормаларды жана талаптарды сактоо боюнча ата-энелер жана окуучулар менен ишти күчөтүү тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, СOVID-19дун андан ары жайылышына жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын аймагына бул илдеттин кирүү жана жайылуу коркунучу уланып жатканына байланышкан тобокелдиктерди азайтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы №244 «Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылыш тобокелдиктерин азайтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» токтомун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте 2020-2021 - окуу жылында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарында Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) шарттарында окуу-тарбиялоо процессин уюштуруу боюнча нускама иштелип чыгып, бекитилген.

Министрлик билим берүү процессин уюштуруу варианттарын сунуштаган, республиканын жалпы билим берүү уюмдарындагы билим берүү процессин кайра улантуу тууралуу чечим реалдуу режимде региондордогу эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аймактык саламаттыкты сактоо органдары тарабынан жеринде кабыл алынат.

Окуучулардын жана педагогдордун өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирбестен билим берүү процессин уюштуруу мүмкүнчүлүгү бар болгон региондордо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аймактык саламаттыкты сактоо органдарынын корутундуларынын негизинде окутуу реалдуу режимде уюштурулушу мүмкүн. Ошол эле мезгилде ата-энелер жана окуучулар менен санитардык нормаларды жана талаптарды сактоо боюнча ишти күчөтүү тапшырмасы берилди.

2021-жылдын 5-апрелине карата республика боюнча 2 147 мектеп реалдуу режимде ишин кайра улантты. Мектептердин ишин кайра улантууда локалдык ыкма колдонулду. Ар бир региондогу эпидемиологиялык кырдаал эске алынууда.

Ушул жылдын 5-апрелине карата, ыкчам маалыматтар боюнча, Бишкек шаарынын мектептеринин 6, 7, 8 жана 10-класстарынын окуучулары онлайн режимде окууну улантып жатышат.

Чүй облусу боюнча 7 мектеп онлайн окууга өткөрүлдү, анын ичинен 1 мектеп оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу онлайн режимде окутууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости