www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалпы республикалык тестирлөө качан өтөт?

Бүгүн, 2-мартта «Жалпы республикалык тестирлөө-2021» аталышында маалымат жыйын өтүүдө. Ага Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун жетекчиси Чынар Батракеева жана Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун аналитиги, административдик суроолор боюнча консультант Инна Валькова катышууда.

Маалымат жыйында жалпы республикалык тестирлөө боюнча жалпы маалыматтар (каттоодон өтүү үчүн керектүү документтер, тесттин өтүү убактысы) айтылды.

«2021-жылы Жалпы республикалык тестке каттоо ББОБУБнын сайтынын электрондук платформасында 26-февралдан 9-апрелге чейин өткөрүлөт. Тест 2021-жылы 17-майдан 23-майга чейин өткөрүлөт. Өлкө боюнча баардыгы болуп 120га жакын тест борбору уюштурулат. Учурда өлкөдө 58 миңден ашуун окуучу бүтүрүүчү катары катталды», - деди Үсөналиев.

Булак: NazaNews.kg

 

Последние новости